«Текстиль Транс» компаниясы USAIDдин ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен 100 млн сомдук инвестиция тарткан. Бул тууралуу долбоордун маалымат кызматы билдирди.
Каражат Токмок шаарындагы пахтаны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна жумшалат. Компаниянын облигацияларын Кыргыз фондулук биржасына жайгаштыруу аркылуу инвестиция тартылганын.
Келечекте фабрика кубаттуулугу жылына 12 миң тонна була өндүрүүгө барабар болот. Була өндүрүү процесси калдыксыз, пахта майы сыяктуу кошумча продуктулар өндүрүлөт. Бул өндүрүштө 300 жумушчу орун түзүлөт.