Студенттердин курстук иштери стартаптардын деңгээлине чейин жетип, алар бизнес катары каржыланса, мугалимдерге 500 долларлык сыйлык берилиши керек. Бул тууралуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында, эгерде ошол эле курстук иштер долбоор катары коммерциялык банктар тарабынан каржыланса, анда сыйлыктын суммасын көбөйтүп же ал компаниянын үлүшүн караштыруу варианттары болуш керек.
«Бир чет элдик компания ишмердигин үч студент жана бир доцент менен баштаган. Анан алар уюлдук телефон чыгаруу пландарын жарыялаганда, баары жылмайып жатышкан. Азыр ал резина өтүктөрдөн баштап космостук спутниктерге чейин дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бирине айланды», — деп өкмөт башчысы белгиледи