Бир нече жылдан бери «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын резиденттеринин саны төрт эсеге – 1 200дөн ашык компаниядан 300гө чейин кыскарды. Мунун себептеринин бири – ЭЭАда бизнес жүргүзүү үчүн шарттар жагымдуу эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев билдирди.
Кенжебаевдин айтымында, ЭЭАнын аймагындагы экономикалык ишти жөнгө салуу режими жалпы белгиленген режимден анча деле айырмаланбай турганын жана инвесторлор үчүн алгач түзүлгөн жагымдуу шарттарга туура келбейт.
«Салыктык башкаруунун катаалданышына байланыштуу субъектилердин саны 1215тен 300гө чейин кыскарып, тездик менен кыскарып жатат. Колубузда болгонду сактап, көбөйтөбүз десек, ЭЭАны ишке ашыруунун салыктык жана укуктук ченемдерин кайра карап чыгып, анын саясатын аныктоодо жана чарбалык иштерди жүргүзүүдө ага көбүрөөк көз карандысыздык берүү зарыл», — деди Кенжебаев.