«Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси тез арада реконструкциялоого муктаж, бул инвестиция тартуу менен гана мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Twitter баракчасына билдирди.
Депутат дем алыш күндөрү Ошко учуп, бир күн кечке аэропортто жүргөнүн айтты: «Ошко беш саат, кайтып келүүнү эки саат күттүм. Оштун өзүндө үч саат болдум. Туман күнөөлүү, бирок чындыгында бул эски навигациялык жабдуулар. Аэропортторубуз жаңыланышы керек».
Бекешевдин айтымында, Бишкектеги «Манас» аэропорту дагы эскирген.
«Учуп-конуу тилкелери тез арада реконструкцияга муктаж. IFC бардык документтерге жардам бергени менен министрлер кабинети инвестор тартууга шашылбайт.», — деп кошумчалады депутат.