Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы узундугу 17,66 км болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктап, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.
Жолугушуу Баткен шаарында өткөрүлдү. Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.