Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын (ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 01-декабрына карата, ФКУдан алынган маалыматтар боюнча 474 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19.9 млн сом суммасында 298 кредит жоюлган. Ошондой эле, 38.4 млн сом суммасында 170 кредит реструктуризацияланган.
Азыркы тапта, ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.