Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосундагы $50 млн кредиттик макулдашууну карап, ратификациялашты.
Депутат Дастан Бекешев кредиттик каражаттарды алуунун шарттарына кызыкты. Буга Каржы министринин орун басары Руслан Татиков насыянын мөөнөтү 24 жыл, анын сегиз жылы жеңилдетилген мөөнөт экенин айтты. Насыя жеңилдетилген мезгилге 1% жана негизги мезгилге 1.5% менен берилет. Татиков ошондой эле бардык каражаттар энергетика тармагына багыттала турганын белгиледи.
Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбековдун айтымында, каражаттын баары Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоого жумшалат.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.