«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдинги жоюлат. Бул тууралуу, 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасында билдирди.
«Акча жумшалды, долбоорлор жазылды, албетте, эч ким жоопко тартылбайт», — деп жазат депутат.
Буга чейин парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров улуттук холдингдин уставдык капиталынын 3.4 млрд сом өлчөмүндөгү каражаты бюджетке кайтарылат экенин айткан. Буга себеп аткарылбай калган долбоорлор болуп калган.