Суу чарба объектилерин оңдоого 956 млн сом сарпталды. Бул тууралуу 2022-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында ведомствонун жетекчиси Алмазбек Сокеев маалымдады.
Анын айтымында тармакка 1 млрд 956 млн сом бөлүнгөн.
«Берилген 1 млрд сомдун 956 млн сому бөлүндү, башкача айтканда, дээрлик 100% каржыланды деп айтсак болот. Ошол жылы даярдык иштерин баштап, ушул жылдын май айында бүтүрдүк. Бүткөндөн кийин вегетациялык мезгилди баштадык, быйыл жакшы өттү, чоң көйгөйлөр жок», — деди Сокеев.
Ошондой эле кызмат жетекчиси ноябрь айынан май айына чейин кайрадан даярдык иштери жүрүп жатканын белгилеп, оңдолгон каналдар боюнча маалымат берди:
- 176 чакырымдан 121 чакырым канал оңдолуп бүттү. Иш жыл аягына чейин бүткөрүлөт;
- 77 чакырымдын ичинен 30 чакырым канал бетондолуп бүттү, иш эки айдын ичинде бүткөрүлөт;
- 712 км каналдарды тазалоо пландалган, иш жүзүндө 730 км тазаланган;
- гидропосттор жана объектилер толук ремонттон өттү.