10-декабрда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.
«Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт», — деди Азымбакиев.