«Ош» аэропортунда 2376 кассета (блистер) санында «Elevit Pronatal» дары каражттары табылган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 2022-жылдын 30-ноябрында Стамбул-Ош рейси менен учуп келген 1993-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.А.Ж. бажылык тариздөөнү ырастоочу эч бир документтери жок 2376 кассета (блистер) санында «Elevit Pronatal» дары каражттары табылган жана алынган.
Дары каражаттардын жалпы орто базар баасы 632 миң сомду түзөт.