Мамипотекалык компания сот кызматкерлерине 9 кабатуу ири панелдүү турак үйдү куруп берет. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Курулуш Мамипотекалык компания, Сот департаменти жана Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба департаменттин үч тараптуу макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт.
Меморандумга КР министрлер кабинетинин 04.11.2022-жылдагы №599-р буйругун ишке ашыруу максатында кол коюлду.