Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары бир катар мыйзам бузуучулуктарга барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен «Б» ЖЧКнын ортосунда аткаруу мөөнөтү 6 айлык болгон аталган айыл аймакка жалпы баасы 12 млн сомду түзгөн кичи спорттук комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн.
«Белгиленген келишимдин шарттарына ылайык акча каражаты которуу тийиштүү жумуш аткарылгандан кийин которулат деп тургандыгына карабастан, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары «Б» ЖЧКнын эсебине жалпы 11 млн сом негизсиз которуп жиберишкен», — деп маалымда белгиленген.
Ал эми, «Б» ЖЧКы тарабынан которулган акча каражатынын ичинен болгону 3.5 млн сомдук гана жумуштар бүткөрүлүп, калган 7.4 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып жок кылынган. Мындан улам, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.