Чет өлкөлүктөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифтери Кыргызстанды квалификациялуу адистерден ажыратат. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди.
Сыдыков чет элдик кызматкерлер үчүн социалдык төлөмдөрдү 3%дан 27%га чейин көтөрүүгө каршы чыкты. ЭИК Социалдык фондуна жыл аягына чейин чет элдиктер үчүн тарифтердин алгылыктуу деңгээлин табууну сунуштады.
Эске салсак, бийлик чет элдиктер үчүн социалдык салыктын ставкасын азыркы 3%дан 27.25%га көтөрүүнү сунуштап жатат. Киреше салыгын 10% эске алганда, Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар кирешесинин 37.25% бюджетке төлөшү керек.
«Бул Кыргызстандын жогорку квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу мүмкүнчүлүгүн бир топ начарлатат, анткени чет өлкөлүк жарандар убактылуу иштөө үчүн келишет жана келечекте Кыргызстанда пенсия албай калышат. Ошентип, алар социалдык төгүмдөрдүн жогорку ставкаларын төлөөгө кызыкдар эмес», — деп белгиледи Сыдыков.