Баткен облусунун Кадамжай шаарында 5.8 тонна контрабандалык күрүч кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.
Такталган маалымат боюнча, бажынын кызматкерлери КР жараны В.И.А. башкаруусундагы Mercedes-Benz 1317 үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.
«Унаанын жүк бөлүгүнөн Өзбекстан Республикасында өндүрүлгөн «Лазер» күрүчү табылган. Товарда бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 5.8 тонна», — билдирүүдө такталган.