Ата мекендик ишкана «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачканы турат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдар ишуке киргизилсе Бишкектен Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылат.
Белгиленген багыт боюнча каттамдар ушул жылдын 20чы жана 28-декабрында аткарылары пландалууда.
Ошондой эле, «Аэро Номад Эйрлайнс» 2023-жылдын январь айында дагы 3 авиакаттамды ишке ашырганы турат: 5, 13, 21-январда.