«Кыргызалтын» ААКнын төрагасы Al Sayegh Group корпорациясынын жетекчиси Абдул Жаббар аль Сайех баштаган араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. 4-декабрда тууралуу «Кыргызалтындын» басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде араб делегациясынын мүчөлөрү инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк бар эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришти.