Кыргызстандын бюджетине үч жылдын ичинде коррупцияга каршы күрөштөн 7.8 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Талант Келдибеков билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтымында, коррупциялык фактылардын бетин ачуунун натыйжасында алынган каражаттар укук коргоо органдарынын депозиттеринде сакталып, андан кийин республикалык бюджетке – Каржы министрлигинин депозиттерине чегерилет.
Мисалы, 2020-жылдан баштап 2022-жылдын он айында Кыргызстандын бюджетине 7.8 млрд сом түшкөн. Анын ичинде: 2020-жылы 2.7 млрд сом, 2021-жылы 1.9 млрд сом жана 2022-жылдын 10 айына 3.2 млрд сом.