Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жолугууда ИӨБнын каражаттарынан мамлекеттик ипотекалык кредиттөө секторуна жана турак-жай курулушуна узак мөөнөттүү жана арзан финансылык ресурстарды тартуу талкууланды.
Жолугушууда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Компаниянын Кыргызстанда арзан турак жай курууга байланыштуу алдыдагы пландарына байланыштуу төрайым Кыргыз Республикасынын аймагында турак жай долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу максатында ИӨБ менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде ИӨБ өкүлдөрү да «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылоону кароого даяр экендиктерин билдиришти.