Эл аралык валюта фонду Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгын олуттуу өсүшүн күтүүдө. КР мамлекеттик карызы да ИДПнын 60% жогору кооптуу деңгээлге чейин өсөт. Бул тууралуу өткөн ноябрда Кыргызстанда консультацияларды өткөргөн ЭВФ миссиясынын кызматкерлери билдирди.
Фонддун расмий корутундусуна ылайык, Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгынын өсүшү күтүлүүдө – быйылкы ИДПга карата 5.2%га чейин. Мамлекеттик бюджетинин тартыштыгы орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын 5%дан бир аз төмөн деңгээлде кала берет.
«Фискалдык консолидация болбосо, мамлекеттик карыз 2022-жылдагы ИДПнын 58%дан 2027-жылы ИДПнын 61%га чейин акырындык менен көбөйөт», — деп эскертишет ЭВФ консультанттары.
Алардын сунуштарына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 60% чегинде жана андан төмөн болушу керек.