CASA-1000 долбоорунун алкагында 500 кВт электр чубалгылары үчүн мунараларды орнотуу иштери дээрлик аяктады. 70 километрден ашык зымдар илингени тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагы билдирди.
25-ноябрга карата куруучулар мамылар үчүн 1.2 миң чуңкур казышкан (97.7% аткарылган), 969 мамыларды (78%) орнотушкан, 71.6 км зымдарды (10.9%) илишкен.
Кыргызстанда жалпысынан «Датка» көмөкчордонунан Тажикстан менен чек арага чейин 455.6 чакырым электр чубалгылары тартылат. Бул линия Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу өтөт.