Бишкекте Кыргызстандын 200гө жакын ишкерлердин катышуусунда Aiym Ishker 2022 ишкер аялдар форуму өттү. Иш-чараны JIA бизнес-ассоциациясы уюштурду.
Армениядагы Бизнес жана билим берүү ассоциациясынын тең негиздөөчүсү Марине Жамкочяндын айтымында, ишкерлер үчүн ассоциацияларга жана коомчулуктарга мүчө болуу маанилүү. Алар аркылуу ишкерлер тармактык жана башка маанилүү маалыматтарды тез алып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, кызыкчылыктарды жактоого мүмкүн болот. Жамкочян ошондой эле Кыргызстанда кесипкөй кадрларды даярдоого көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.
«Арменияда экономиканын 90% чакан бизнес түзөт. Ал эми чакан бизнес жогорку билимди талап кылбайт, кесиптик билимди талап кылат. Ошондуктан, бизнеске муктаж болгон кесиптер менен ЖОЖдор жана кесиптик окуу жайлары даярдагандардын ортосунда дисбаланс болбошу үчүн суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча эмгек рыногун үзгүлтүксүз жана тынымсыз талдап туруу зарыл», — деп түшүндүрдү Жамкочян.
Форумга катышкан ишкерлер жумушка алуу, команда түзүү, жеке катышуу жана үй-бүлөгө таянуу темаларды көтөрүштү.