2022-жылдын 2-декабрында КР Жаратылыш ресурстары министрлиги жана белоруссиялык «Сифания-Экотехника» ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, таштандыларды чыгаруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкуулады.
КР аймагында катуу тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда.
Беларус компаниясы ѳндүрүш жана тиричилик калдыктарын иштөөнүн жогорку технологиялык концепциясын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.