Баткен облусунун өнүктүрүү программасын тездетип жыл сайын 1.5 млрд сомду кошумча субсидиялоо сунушталды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖК депутаты Чынгыз Ажибаев.
Долбоор боюнча, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Баткен областы республиканын башка региондорунан кыйла артта. Ошондуктан мамлекет тарабынан жыл сайын 1.5 млрд сом өлчөмүндөгү суммада кошумча субсидиялоонун зарылчылыгы бар.
Ал эми Мамлекеттик программаны аткаруу мезгилин жыл сайын оңдоп-түзөө жана тиешелүү узартуу менен 5 жылдык мөөнөт деп белгилөө максатка ылайык.