Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсепте 194.4 млн сом калды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, эсепке 338.3 млн сом түшкөн. Анын ичинде 14.7 млн сом сарпталган.
Эске салсак, Баткен облусунун жабыркаган тургундарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн Каржы министрлигинин атайын эсебин ачылган, ошондой эле керектүү продукцияны сатып алуу үчүн Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун да атайын эсеби бар.