Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Al Sayegh Group ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
«Кыргыз тарап ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр» (ачкычка чейин тапшыруу) – деди министрлер кабинетинин башчысы.
Өз кезегинде араб делегациясынын мүчөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришип, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды сунушташты.