2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы+ички) 28 млрд 854 млн сом бөлүнгөн. Бул маалыматты Каржы министрлиги билдирди.
Төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 19 млрд 511 млн сом. Ички карыз боюнча төлөмдөр 9 млрд 343 млн сомду түздү.
Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
2022-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы+ички) $5 млрд 217,9 млн же 418 млрд 384.4 млн сомду түздү. Анын ичинен 79.8% тышкы карыз ($4 млрд 162.6 млн) жана 20.2% ички карыз ($1 млрд 55.3 млн доллар).