2022 11 айдын ичинде 185.8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Салык кызматы 185 млрд 848.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55.8 млрд сомго көп.
Анын ичинде 140 млрд 685 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569.2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 млрд 965.5 млн сомго көп чогултулду.
Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 45 млрд 163 млн сомду түздү. План 1 млрд 423 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 10 млрд 898.1 млн сомго көп жыйналды.