Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт

Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (Japan External Trade Organization, JETRO) төрагасы Нобухико Сасаки менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчиси Нобухико Сасаки белгилегендей, экспортту өнүктүрүүнүн ийгиликтүү мисалдарынын бири катары КРдан Японияга ак балды жеткирүүнү уюштуруу болуп саналат.

«Ошондой эле Токио шаарындагы «Ханэда» эл аралык аэропортунда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында өндүрүлгөн продукцияларды саткан дүкөн ийгиликтүү иш алып барууда. Биз мындан ары да Кыргызстандын продукциясын Японияга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенип жатабыз. Буга катар эле биз өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоону каалаган кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдү колдоого алуунун жаңы ыкмалары үстүндө иштейбиз», — деди Нобухико Сасаки.

Өз кезегинде минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Япония дүйнөдө технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн бири экенин, ошондуктан биздин республика жапон технологияларына кызыкдар экендигин белгиледи.

«Азыр биздин алдыбызда өлкөнү индустриялаштыруу милдети турат. Бизге ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн да заманбап жапон жабдуулары жана технологиялары керек. Минкабдын түзүмүндө экспортту өнүктүрүүгө жооптуу JETRO сыяктуу мекеме болушун каалайбыз», — деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров менен Нобухико Сасаки кыргыз товар өндүрүүчүлөрүн алдыга жылдыруу жана алар кызыккан долбоорлорду илгерилетүү жаатында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Япониянын тышкы соода уюму менен КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

  • Япониянын тышкы соода уюму Япония менен дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы жана инвестицияны илгерилетүү жаатында алектенет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери