2022-жылдын январь-ноябрь айларында пенсияга 52 млрд 595.2 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддон билдиришти.
Республика боюнча эң көп пенсия Ош облусуна берилет, бул калктын жыштыгы менен шартталган.
- Бишкек шаары — 8 млрд 483.9 млн сом
- Чүй облусу — 7 млрд 947.6 млн сом
- Нарын облусу — 4 млрд 174.6 млн сом
- Ысык-Көл облусу — 4 млрд 769.9 млн сом
- Талас облусу — 2 млрд 180.6 млн сом
- Ош шаары — 1 млрд 883.1 млн сом
- Ош облусу — 9 млрд 639.2 млн сом
- Баткен облусу — 4 млрд 465 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 9 млрд 051.2 млн сом.
Пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын ноябрь айында 5 млрд 872.7 млн сомду түздү. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар.