«Кепилдик фонду» «Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!» байгелик акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Ал 2022-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин фонддун өнөктөш банктарынын кредит адистеринин арасында өткөрүлгөн.
Аталган фонддун берген маалыматына таянсак, акция Кыргызстандын бардык аймактарын жана борборду камтып, ага «Кепилдик фонд» ААКтын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Салым Финанс» ААК МФКнын жана «Элет-Капитал» МФК ЖАКтын 18 өнөктөш банктарынын кредиттик адистери катышкан.
Бүгүн, 2-декабрда «Кепилдик фонд» ААКтын кеңсесинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Акциянын жыйынтыгы боюнча үч номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
- «РСК Банк» ААК Кыргызстандын эң мыкты банкы болду. Банк күрөө менен камсыздалган кредиттердин саны боюнча лидер болуп чыккан. Акциянын жүрүшүндө «РСК Банк» 311 упай топтоп, 78 кепилдик берген.
- Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча эң мыкты филиалдар болуп «Керемет Банк» ААК (Бишкек) жана «Айыл Банк» ААК (Карабалта филиалы) табылды.
Мыкты кредиттик адистер:
Бишкекте:
- 1-орун: Малик Турсунбеков, «РСК Банк» (Башкы офис), 50.4 балл
- 2-орун: Бактыбек Сапаров, «РСК Банк» (Башкы офис), 39.9 балл
- 3-орун: Жибек Закирова, «KICB» ЖАК (Башкы офис), 16.5 балл
- 4-орун: Ильгиз Муратбеков, «Capital Bank», 16.1 балл.
Чүй облусу боюнча:
- 1—орун: Улан Осмоналиев, «Айыл Банк» (Кара-Балта филиалы), 12.5 балл
- 2-орун: Алмаз Баялиев, «Айыл Банк» (Кара-Балта филиалы), 6.4 балл
- 3-орун: Индира Акматова, «Айыл Банк» (Кант филиалы), 5.3 балл
- 4-орун: Ринат Мундузбеков, «ФинансКредитБанк» (Кара-Балта филиалы), 3 балл
«Баалоонун негизги критерийлери болуп «Кепилдик фонду» ААКтын кепилдигинин эң көп саны жана көлөмү үчүн банк кызматкерлерине берилген баллдар эсептелди», — деп айтылат фонддун маалыматында.
Жеңүүчүлөргө эстелик сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле фонд жакынкы арада Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында акциянын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырууну пландап жатат.
Эскерте кетсек, «Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!» акциясына төмөндөгү банктар катышкан:
- «Айыл Банк» ААК
- Банк «Бай-Түшүм» ААК
- «Бакай Банк» ААК
- «Банк Азии» ЖАК
- «Банк Компаньон» ЖАК
- «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК
- «Дос-Кредобанк» ААК
- «Керемет Банк» ААК
- «Коммерческий банк Кыргызстан» ААК
- «Capital Bank» ААК
- «Кыргызкоммерцбанк» ААК
- «KICB» ЖАК
- «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК
- «Оптима Банк» ААК
- «РСК Банк» ААК
- «ФинансКредитБанк» ААК
- «ФИНКА Банк» ЖАК
- «Халык Банк Кыргызстан» ААК
- ОКӨФ
- «МФК «Салым Финанс» ААК
- «МФК «Элет-Капитал» ЖАК.