Улуттук банк накталай АКШ долларынын учурдагы тартыштыгынын негизги фактору катары белгисиз бойдон калып жаткан геосаясий кырдаал, аны өлкөгө алып келүүдө логистикалык байланыштын бузулушу жана айрым жарандардын валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында жүргүзгөн алып-сатарлык операцияларын атады.
Регулятор КРнын валюта рыногундагы жагдай дүйнөдөгү геосаясий жагдайдан жана тышкы рыноктордогу белгисиздик кырдаалдардан көз каранды экенин баса белгиледи.
Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошо алганда, кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн.
«Бирок КРнын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул чет өлкө валютасын жеке адамдар жана юридикалык жактар өлкөгө/өлкөдөн эркин алып келүүгө/чыгууга боло тургандыгын түшүндүрөт.
Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет», — дейт башкы банк.
Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0.5%дан 4%га чейинкини түзгөн.
Мында, банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган.
Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.
Ошондой эле Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турарын билдирди.
Кошумча окуңуз:
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу