Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) банкка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы боюнча жаңыланган болжолун жарыялады. Финансы институтунун эксперттери келерки жылы Кыргызстанда инфляция басаңдайт деп күтүшүүдө.
Банктын талдоочулары бул жылы өлкөдө баалардын өсүшү 14%ды түзөрүн, бирок келерки жылы ал 5.2%, 2024-жылы 4.8%га төмөндөй тургандыгын божомолдошууда. Ошол эле учурда ЕӨБ Кыргызстандагы анча-мынча инфляциялык тобокелдиктерди жокко чыгарбай тургандыгын да белгилейт.
Үстүбүздөгү жылы 1 доллардын орточо жылдык алмашуу курсу 83.7 сом деңгээлинде болжолдонууда. ЕӨБ 2023-жылы ал болжол менен ушул эле деңгээлде (1 доллар — 83.3 сом) кармаларын билдирди. Бирок 2024-жылы улуттук валюта — сом алсырап, 1 доллар 85 сомдон да жогору көтөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.
«Бул [2023-жылы сомдун курсун турукташтырууга] жарым-жартылай КР Улуттук банкынын акча-кредит саясаты көмөктөшөт. Узак мөөнөттүү келечекте фундаменталдык факторлордун аракети сомдун курсунун төмөндөшүнө алып келет, жылына болжол менен 2%га көбөйөт», — деп айтылат ЕӨБдүн божомолунда.