КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында HS Holdings Co., Ltd компаниялар тобунун президенти Ясунари Харада менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын акцияларынын контролдук пакетин япониялык HS Holdings Co., Ltd компаниясынын сатып алышы — КРнын экономикасына инвестиция салууну каалаган жапондук ишкерлер үчүн маанилүү сигнал болуп саналарын белгиледи.
«Бул кадам инвестициянын жана биздин республикада иштөөнү каалаган жапон компанияларынын санынын көбөйүшүнө алып келет деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда мен бир нече жылдан кийин «Кыргызкоммерцбанк» өлкөдөгү ири жана технологиялык жактан өнүккөн каржы институттарынын бирине айланарына ишенем», — деди ал.
Өз кезегинде HS Holdings Co., Ltd. компаниясынын президенти Ясунари Харада япон ишкерлери бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө да, өзгөчө КРга да чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
«Башка жапон компаниялары бизди КРга ээрчишет жана биз аларга керектүү финансылык операцияларды жүргүзүүгө жардам бере алабыз деп ишенем», — деп жыйынтыктады Ясунари Харада.
HS Holdings Co., Ltd компаниялар тобу (мурдагы Sawada Holdings Co. Ltd) банктык жана башка финансылык кызматтарды көрсөтөт. Компания 1958-жылы 21-январда негизделген жана башкы кеңсеси Япониянын Токио шаарында жайгашкан.