Сауд Арабия Падышачылыгынан келген Al Rajhi, Saudi Exim Bank сыяктуу ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү КРдагы сапарынын алкагында, балчылык, балык жана эт азыктары, ошондой эле бөтөлкөдөгү сууларды чыгарган жергиликтүү ишканаларга барышканын Инвестиция боюнча агенттик билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» ЖЧК жана «Шоро» ЖАКтын өкүлдөрү Сауд Арабиянын делегациясын өндүрүштүн толук цикли менен тааныштырышып, анын кубаттуулугу, продукциянын сапатын башкаруу системалары тууралуу маалымат беришкен.
«Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, Сауд Арабия рыногуна чыгуунун маркетингдик стратегиясын талкуулашты. Ишкерлер өндүрүштү кеңейтүү жана андан кийин САПга продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн карашты», — деп айтылат маалыматта.