Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
Депутаттын айтымында, аталган соода борборунан бир топ ишкер аялдар кайрылышкан. Алар 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ижара акысын, салык төлөп иштеп келишкенине карабай «Берекет» базарынын администрациясы акыркы жолу өрт чыккандан кийин ишкерлерди турган жайын «сатып алууга» мажбурлай баштаган.
«Биз элибизди жумуш менен камсыз кыла албай жатсак, 30-40 жылдан бери ошол жерде соода кылган жарандарыбыздын артынан сая түшүп, ушул жерди сатып алышың керек эле деп, ишкерлерди түйшүккө салуу иштери жүрүп жатат. Соода түйүнүндөгү ишкерлерди ким коргойт?» — деди депутат.
Ошондой эле Талиева тиешелүү органдар чара көрүшү керектигин кошумчалады.