Кыргызстанда 673 ААК жана 550 ЖАК бар

Кыргызстанда 673 ААК жана 550 ЖАК бар

КРда 673 Ачык Акционердик Коому (ААК) жана 550 Жабык Акционердик Коому (ЖАК) бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, акционердик коомдордун уставдык капиталынын эң төмөнкү көрсөткүчү 100 миң сомдон жогору болуш керек.

Жыйында депутаттардын ошол коомдордо мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүнбү деген суроолоруна, Сыдыков Юстиция министрлиги болгону каттоо жаатындагы эле саясатты алып барарын билдирди.

«Акционерлер жөнүндө маалымат бизде болбойт, АК жөнүндөгү мыйзамга ылайык, акционерлер тууралуу реестр кармоочу, тагыраак айтканда, баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучуда болот. Алардын мүлктөрүн биз башкарууга укугубуз жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште «Акционердик коомдор жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери