КР Экономика жана коммерция министрлиги Кореянын Боек жана дизайн технологиялары институту менен биргеликте КРнын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жана мындан аркы кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ведомстводон билдиришти.
Ага ылайык, кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүү, тигүү тармагында көмөк көрсөтүүнү караган TASK долбоорун ишке ашыруу каралууда.
30-ноябрда министрдин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын DYETEC боек жана дизайн технологиялар институтунун өкүлдөрү менен жолугушкан.
«Жолугушууда министрдин орун басары корей тараптын өкүлдөрү менен алдын ала бюджети 8 млн долларлык «Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү» долбоорун талкуулады. Бул долбоор Кореянын илимий институттары менен биргеликте даярдалган», — деп айтылат маалыматта.
Долбоордун максаты – санариптик текстиль өндүрүшүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана экологиялык жактан таза жеңил өнөр жайынын келечеги үчүн инфраструктураны жана системаны куруу.
Ошондой эле министрлик КРда санарип текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн аркасында баалуу продукцияларды чыгарууга, технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөрүн, бул өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн, бизнестин кирешесин кеңейтүүгө багытталган аялдарды ишке орноштуруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналарын белгиледи.