Келерки жылдан баштап президенттин жарлыгы менен мамлекеттик ипотекага төмөндөтүлгөн жылдык 4% менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп башташат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди.
Туманбаев белгилегендей, делегаттар жакында өткөн элдик курултайда ипотека маселесин көтөрүшкөн. Жыйындын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 14%дан 4%га чейин төмөндөтүлүп, насыя берүү мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга чейин узартыларын билдирген.
Анын айтымында, мындай ипотекалык үйлөрдү массалык түрдө куруу кийинки жылы башталат. Жеңилдетилген ипотека боюнча батирлер бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык жарандарга берилет.
«Азыр президентибиздин буйругу менен жогорудагы үйлөрдүн курулуш иштери башталды, булар 15 кабаттуу үйлөр болот», — деп жазды ал.