29-ноябрда Кыргызстандын президенти Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду.
Өзбекстандын Анжиян деп аталган Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө «КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол коюлду. Бул келишимди Жогорку Кеңеш 17-ноябрда ратификациялаганы айтылды.
Бул документте суу сактагычтын суусун биргелешип башкаруу аныкталган. «Келишимдин максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия аркылуу башкаруу».
Садыр Жапаров ошондой эле «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Өзбекстан ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды да Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кабыл алган.
Президент кол койгон келишимдин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы узундугу 302.29 чакырымды түзгөн мамлекеттик чек ара тилкелери аныкталган.