Пенсионерлер пенсияларды төлөө токтотулбашы үчүн Соцфонддо каттоодон өтүшү керек эмес. Мындай түшүндүрмөнү Социалдык фонд берди.
Ведомствонун кызматкерлери белгилешкендей, бүгүн WhatsApp жана Telegram-дагы группалар аркылуу «декабрь айынан тартып каттоодон өтпөй калган пенсионерге пенсия төлөө токтотулат» деген билдирүү тарай баштады. Бул маалымат туура эмес.
«Пенсияны төлөө токтотулбайт. 2022-жылдын декабрь айында Соцфондго кайрылуунун зарылчылыгы жок», — деп айтылат билдирүүдө.
Суроолор жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 0312 53 17 49, 0312 53 49 29, 0312 53 05 10, 0312 53 04 73, 0312 53 18 93.