Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт

Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Анын максаты — 2023-жылдын жер айдоо мезгилине чейин өлкөнүн дыйкандарына запастарды жеткирүү.

Минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынат, деп айтылат минкабдын сайтында. Бирок, мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинде ал көбүнчө Тажикстанга жер семирткичтерди реэкспорттоо каналдарына бөгөт коюуну көздөйт экени белгиленген.

Кыргызстандын түштүк аймактарында талаа жумуштарынын башталышы менен Тажикстанга реэкспорттолушунан улам жер семирткичтердин тартыштыгы келип чыгат. Тажикстанда жазгы талаа иштери Кыргызстанга караганда эртерээк башталгандыктан жана коңшу республикада минералдык жер семирткичтерге болгон суроо-талаптан жана баасынын кымбаттыгынан пайдаланып, алып-сатарлар жер семирткичтерди жер-жерлерден сатып алып, өлкөнүн чегинен тышкары кайра сатышат.

2023-жылы Кыргызстанда эгин айдоо аянты 1 млн 232 миң гектарды түзөт. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 5.8 миң гектарга көп. Республиканын келерки сезондо минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы дээрлик эки миң тоннага — 286 миң тоннага чейин көбөйөт, — деп негиздеме актында айтылган.

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жок. Алардын көбү – 100 миң тоннага чейин — Өзбекстандан ташылып келет. Кыргызстанга импорттолгон жалпы жер семирткичтердин дагы 30-35%ы Россия жана Казакстандан келет.

Айыл чарба министрлигинин божомолу боюнча газ жана мунай продуктыларына баалардын өсүшүнө байланыштуу 2023-жылы Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы заводдордо минералдык жер семирткичтерди өндүрүүнүн өздүк наркы жогорулайт. Бул дыйкандарды ого бетер күч келтирет.

Айыл чарба министрлиги алты айга жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Минералдык эмес жер семирткичтер, ошондой эле Кыргызстан аркылуу өткөн транзиттик ташуулар эсептелбейт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери