Соода тармагындагы ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук коштомо-кагаз колдонууга милдеттүү

Соода тармагындагы ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук коштомо-кагаз колдонууга милдеттүү

Соода менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук товаротранспорттук коштомо кагаз — накладная (ЭТТН) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

«ЭТТН» системасында каттоо Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу жүргүзүлөт. Бул система — ЭТТН чыгарууга, аларды дароо контрагентке жиберүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү портал.

ЭТТНдин артыкчылыктары — бул анын тездиги, кеңсе жана почта чыгымдарынын азайышы, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү, деп белгилейт бөлүм.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТНди мунай жана мунай продуктуларын жана товарларын алып-саткан салык төлөөчүлөр колдонушат. Ал эми 1-июлдан тартып, Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге кирген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр колдонуп башташкан.

Учурда жергиликтүү салык органдары ЭТТНди колдонууну үйрөтүп жана консультациялык иштерди жүргүзүп жатышат. Кененирээк маалыматты жана консультацияны «ЭТТНди ишке киргизүү» аталган Telegram-каналынан же катталган жерфдеги салык органынан алса болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери