Россиянын «Сколково» инновациялык борбору Кыргызстандын бизнесин технологиялык чечимдер менен камсыз кылууга жана өз резиденттерине Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр.
Бул тууралуу «Сколково» борборунун делегациясы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт ОКӨФ.
«Сколково» Кыргызстандын аймагындагы долбоорлор үчүн технологиялык чечимдерди жеткирүүгө жана өз резиденттерине жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүктү сунуштоого кызыкдар», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, эки тарап саламаттыкты сактоо жана билим берүү үчүн технологияларды алып келүү, ошондой эле Ысык-Көлдө туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.