«Сосновка» постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды

«Сосновка» постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек — Ош автожолундагы «Сосновка» контролдук-өткөрмө пунктунан жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны ташып өтүү фактысын аныкташканын билдирди.

Алсак, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө унаа токтотулуп, айдоочусунан товар коштоочу документтер талап кылынганда ал ордунан качып кетүүгө аракет кылган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен унаа мажбурлап токтотулуп, айып токтотуучу жайга киргизилген.

«Унааны текшерүүдө өндүрүлүшү шек жараткан жана шектүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар табылган.Бардыгы болуп 4 миң 206 бөтөлкө алкоголь тартып алынды», — дейт Салык кызматы.

Салык кызматы өлкөнүн аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын жасалма акциздик маркалар менен же акциздик маркасыз, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок ташыгандыгы үчүн ташылган товар жана аны ташыган автотранспорт кошо тартып алынарын эскертет.

Ушуга байланыштуу, ташуучуларды мыйзам ченемдерин так сактоого, ошондой эле акцизделчү товарларды ташуу үчүн бардык зарыл документтерди кошо алып жүрүүгө чакырабыз.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери