Министрлер кабинети салыктык түзөтүү долбоорун демилгелеп, анда соода ишмердүүлүгүнө алынган патенттердин жарактуулук мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январына чейин белгилөөнү сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.
Ал эми 2024-жылдан тарта соода тармагын бирдиктүү салыкка өткөрүү сунушталууда.
Эске салсак, ыктыярдуу патентти жоюу 2019-жылдан бери эле пландалып келет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында президент «ЧОИни колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Токтомдун алкагында министрлер кабинетине соода субъектилери үчүн бирдиктүү салыктын жеңилдетилген ставкасын белгилөө каралып, бирок контролдук-кассалык машиналарды жана/же электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууну караган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылган.
Тарифтер төмөндөгүдөй төмөндөтүлөт:
- 0.5% — жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин
- 1% — жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин.
Бул өндүрүүчүлөргө, күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ), дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды импорттоочуларга тиешеси жок.
Ошондой эле, тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнү колдоо максатында жаңы Салык кодексинде тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери 2027-жылдын 1-январына чейинки мезгилде 0.25% өлчөмүндө бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуунун системасы боюнча салыктарды төлөшү белгиленген.