Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн Биринчи Элдик Курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган миңден ашуун делегат катышты.
«Садыр Жапаров улуттун менчиги болгон «Кумтөр» кени, аны кайтаруу процессиндеги кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанга кайтарылганына токтолуп, басым жасады. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат», — деп айтылат маалыматта.
Президент ошондой эле мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча суроолорго жооп берген.