2022-жылы салык төлөө боюнча кыргызстандыктардын пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, калктын басымдуу бөлүгү салык милдеттенмелерин аткарууга олуттуу мамиле жасабайт. Мындай маалымат Улуттук салык форумунда айтылды.
«Борбордук Азия университети 2022-жылы чакан изилдөө жүргүзгөн. Суралгандардын 36%ы Кыргызстанда салык төлөөнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз деп жооп беришти. Бирок эмнегедир негизги масса (64%) антип ойлобойт экен», — дейт президенттик аппараттын изилдөө, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Вячеслав Пак.
Эксперт кыргызстандыктар салык төлөө боюнча өтө кеч — 16 жашында жогорку класста гана билишерин түшүндүрдү. Мындан тышкары, бул маселеге өтө аз — мектепте бир гана саат убакыт бөлүнөт.
«Салык маданияты жагынан адамда жоопкерчиликти, патриоттуулукту ойготуу үчүн бул аздык кылат деп эсептейм. Мен бир маанилүү нерсени айткым келет: адам мамлекеттен өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга моралдык укугу болушу үчүн, ал салыкты өзү төлөп, мамлекет алдындагы милдеттенмелерин аткарышы керек», — деп эсептейт эксперт.
Пак ошондой эле салык маданиятынын системалуу өсүшү менен потенциалдуу салыктык кирешелер да көбөйөрүн кошумчалады.