Бүгүнкү күндө мамлекеттик суу чарба объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 731.9 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Алишер Эрбаев суу чарба объекттерин капиталдык оңдоого бюджеттен канча каражат каралганын сурады. Аларга каналдарды, гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды, скважиналарды ж.б. тазалоо жана оңдоо кирет.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков быйылкы жылга 1 млрд сом каралганын жооп берди.
«Анын 731.9 млн сому каржыланды, калган акча жыл аягына чейин бөлүнөт. Капиталдык салымдарга 600 млн сом бөлүнгөн. Сырткы булактардан ал бир нече долбоорлорго бөлүнгөн, суммалар доллар менен көрсөтүлгөн, маалыматты кийинчерээк жазуу жүзүндө бере алам», — деди Татиков.