Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев 2022-жылдын он айына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр көп болуп жатканын билдирди.
Жыйында комитеттин мүчөсү депутат Фарход Алимжанов эмнеге 2022-жылы Соцфонддо туумдун көлөмү, тагыраак айтканда, өз убагында төлөнбөгөн, чегерилбеген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдун көрсөткүчтөрү өсүп кеткенин сурады. Ал кабыл алынган бюджеттен эки эсеге — 50 млн сомдон 115 млн сомго өсүп кеткен.
«Бюджетте 2022-жылы 50 млн сом каралган, азыркы күндө салыкчылар 100 млн сомдон көп чогултушту. Туумдар ар бир кечиктирилген күнгө 0.1% өлчөмүндө салынат. Ал ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөш керек, бирок бул жылы кечиккендер көп болууда», — деди Соцфонддун өкүлү.
Депутаттын туумдан жыйналган акчага Соцфонддун кызматкерлерине үстөк айлык акылар, сый акылар берилбейби деген суроосуна фонддун өкүлдөрү ал үчүн атайын административдик башкаруу чыгымдарынан каралары тууралуу билдирди.